Жети-Өгүз районунда быйылкы жылдын салыктары 100,8 пайызга аткарылды

Жети-Өгүз району боюнча жыл башынан бери бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууда план 238 935,3 миң сом болсо, 240 940,3 миң сом чогултуп, план-тапшырма 100,8 пайызга аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Салык өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36 936,6 миң сомго көп чогултулду. Республикалык салыктар боюнча план-тапшырма 100,6 пайызга, жергиликтүү салыктар 101,1 пайызга аткарылган.

2014-жылдын 9 айында айыл чарба продукциялары боюнча 8467 тонна эт, 40 190 тонна сүт, 508 тонна жүн, 2102,0 миң даана жумуртка өндүрүлгөн. Былтыркы жылдын 9 айына салыштырмалуу азыктын бардык түрлөрүнөн өсүш камсыздалды. Учурда район боюнча 253 гектар жер айдалып, 186 гектар аянтка күздүк буудайды себүү иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан