Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 23-октябрда аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Горький, Кызыл-Тоо, Ак-Булак, Орто-Арык көчөлөрүндө, Лев Толстой көчөсүндөгү №18, Фатьянов көчөсүндөгү №71/1-көп кабаттуу үйлөрүндө №158, 2683, 2096-чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Ахунбаев, Жукеев-Пудовкин, Будённый, Кузнечная, Щербаков, Орозбеков, Логвиненко, Серов, Куринская көчөлөрүнө жана Изюмский тар көчөсүнө "акылдуу" эсептегич орнотулат. Мындан улам электр жарыгына чектөө киргизилет. 
Мындан тышкары Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин (Алматы, Чыгыш, Виноградная, Набережная көчөлөрүндө) Мыкан, Кайырма, ПМК-3, Константиновка, Васильевка, Бирлик, Аламүдүн (Зелёный Клин тарапта), Маевка (Жаш Гвардия, Школьная, 8-Март, Островский, Набережная, Ала-Арча, Тепличная, Строительная, Больничная көчөлөрүндө), Пригородное (Маяковский, 1-Май, Береговая, Садовая, Сибирская көчөлөрүндө), Кой-Таш, Арашан, Кара-Жыгач, Көк-Жар (Маликов, Чоң-Багыш, Эгинбаев, Үмөтов көчөлөрү), Бек-Тоо айылдарында жарык өчүрүлөт. 
Ошондой эле Токмок шаарынын Казакстан, Балканин, Ровнягин, Бокин көчөлөрүндө жана Винсовхоз кыштагында “Кара-Жыгач”, “Майская”, “Лермантов”, “Стрельниковой”, “Главная”, көмөк чордондорунан тараган 10/6 кВт аба электр чубалгылары оңдолот. Буга байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан