Максим Бакиев "Азия универсал банкынан" акча каражатын чыгарып кетүү фактысы боюнча өмүр бою эркинен ажыратылды

Максим Бакиев "Азия универсал банкынан" акча каражатын чыгарып кетүү иши боюнча өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай чечимди бүгүн, 22-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Соттун канцеляриясынан билдиришкендей, экс-президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиев жана анын финансы боюнча кеңешчиси Евгений Гуревич, "Азия универсал банкынын" төрагасы Михаил Надель Социалдык фонддон 2 миллиард сом акча каражатын "Азия универсал банкы" аркылуу чыгарып кетишкен. Соттун чечимине ылайык, Максим Бакиев өмүр бою, ал эми Евгений Гуревич менен Михаил Надель 25 жылга эркинен ажыратылган.

Учурда айыпталуучулар издөөдө жүргөндүктөн, алар сыртынан соттолушту.

Айта кетсек, өткөн жылы дагы Биринчи Май райондук соту Максим Бакиевди бир канча берене боюнча айыптап, 25 жылга эркинен ажыраткан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Dadin1
2014-10-22 17:32:38
Эркинен омур бою ажыратыпсынар, эмне толк болду эми.. турмодо олтурбагандан кийин калп эле жомок айта бергендин эмне кереги бар.
+4
Multicam
2014-10-22 18:31:21
Максим шылдындап отурган болсо керек, мен жок эле биякта оздорун оздору соттоп деп.
0
noname
2014-10-23 00:42:40
жомок айтыптырго
0
Dooron
2014-10-23 01:18:00
Кыргызстандын азыркы сотторуна жон гана Ха-ха-ха деп кулуп коюш керек болду.
0
bema_bema
2014-10-23 01:49:56
Силер соттой бергиле,Максим акчаларды которуп кете берет
+1
ekaterina
2014-10-23 02:01:48
ха.ха соттор уялар бекен оздору
0
sarishka
2014-10-23 02:37:02
bizdin sottor shumdukta duinodo jok mindai sottor jalan jarti meeler ishteshet talaalap kachip jurgondordu surtunan sottomush etip a kakoi tolk prosto ishtegen ishterine shirenkesi jok kuiup ketem da.
+1
Muzik
2014-10-23 04:44:14
Зато Бакиевдер жесе да мамлекеттин карызын Бир жарым миллиард долларга тушурушкон,а азыркы бийлик келгенден бери мамлекет уч жарым миллиард доллор карыз алышты,бирок мамлекет кайра артка кетти.
0
baiysh0704
2014-10-23 06:19:28
Ой кок мээ соттор Максим Бакиевди соттодук деп жатасынар,андай соттобой эле атууга кетти атып салдык десенер эл биро толо тунулуп калмак кокшуну сууп.Соттор жаман кыжырыма тийесинер да,Бакиевдерден бироону да соттой албагандан кийин кысчу жерди кыскыла да.
+3
bokonbaev
2014-10-23 11:55:43
jok ele adandardy sottop jurobergile emi. oo olup kalgan adamdardi da sottogula.omur boyu erkinen ajiratkila.sottoy turgan bolsonor ozun alip kelip oturguzup alip sottoyt da.je azir sottor uwunday bolup kalganbi ozdorun aldap.. ))))
+3
Dadin1
2014-10-23 12:01:09
Айла жок кулосунда,Н.В Гогольдун "Мертвые души" деген чыгармасындай эле болуп калдыго ))))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан