Жылнаама, 23-октябрь: Мындан 12 жыл мурун Москва шаарындагы Дубровкадагы театралдык борбордо "Норд-Ост" мюзикли коюлуп жаткан учурда террорчулар тарабынан 916 киши барымтага алынган

* Мындан 82 жыл мурун, 1932-жылы Кыргыз Эл акыны Жалил Садыков Кемин районунун Кичи-Кемин айылында туулган. Студент кезинде анын “Убада” деген алгачкы ыр жыйнагы жарык көргөн. Анын элдик ырга айланып кеткен “Сүрөтүңө”, “Жайлоодо” сыяктуу ондогон ырларына обон чыгарылып, эл арасында азыркыга чейин ырдалып жүрөт. Жалил Садыков 2010-жылы 21-октябрда 78 жаш курагында дүйнө салып, өзүнүн туулган күнүндө жерге берилген.
* Мындан 40 жыл мурун, 1974-жылы Бишкектеги “Манас” аэропорту пайдаланууга берилген. Ошондо биринчи жүргүнчүсү катары Ил-62 учагы менен СССРдин Министрлер кеңешинин төрагасы Алексей Косыгин келип конгон.
* Мындан 74 жыл мурун, 1940-жылы “футбол падышасы” атка конгон бразилиялык футболчу Пеле Бразилиянын Трес-Корасаес шаарында туулган. Анын өз аты-жөнү - Эдсон Арантес ду Насименту. Футбол боюнча Дүйнөнүн үч жолку чемпиону (1958, 1962, 1970-жылдарда) Пеле 1282 оюнга катышып, 1364 гол киргизген. Ал эми 1977-жылы 37 жашында жаш курагы келгендигине байланыштуу чоң футболдон кеткен.
* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы Москва шаарындагы Дубровкадагы театралдык борбордо "Норд-Ост" мюзикли коюлуп жаткан учурда террорчулар тарабынан 916 киши барымтага алынган. Ал эми 26-октябрь күнү таңкы саат 6:30дун тегерегинде бийлик өкүлдөрү театрды толугу менен өкмөттүк аскерлер көзөмөлгө алышканын жарыялап, Мовсар Бараев менен кошо бүт жикчилдер (18 аял, 32 эркек) жок кылынганын айтышкан. “Норд-Ост” трагедиясы деген ат менен белгилүү болуп калган ошол окуяда 130 адам мерт болсо, алардын ичинде 10 жаш бала бар болгон. Расмий түрдө "алардын өлүмүнө террористтер күнөөлүү" деген тыянак чыгарылган. Бирок набыт болгондордун туугандары "барымтадагылардын көпчүлүгү газдан өлгөн" деп нааразы болушкан.
* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Түркиянын Ван провинциясында күчү 7,1 баллга жеткен зилзала болгон. 601 адам көз жумуп, 4152 киши жаракат алган. Каза тапкандардын ичинде 3 этникалык кыргыз болгон. Бул кырсык Ван шаарында түрмөдө отургандардын качуусуна өбөлгө түзүп, 150 кылмышкер абактан качып кеткен.
23-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан