Бишкекте айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси жыйынтыкталды

2014-жылдын 20-сентябрынан тартып Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым өкүлчүлүгү менен биргеликте айыл чарба азыктарынын жарманкесин өткөрдү. Азыркы учурда жарманке жыйынтыкталды.

Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жарманкенин башкы максаты - шаардыктарды арзан баада айыл чарба азыктары менен камсыз кылуу. Иш-чара ар жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү шаардын үч аймагында өткөрүлдү. Ага орто эсеп менен 400дөн ашык ишкер, түздөн-түз азык өндүрүүчүлөр, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын фермерлери катышты. Жарманкеде айыл чарба азыктары базар баасына салыштырмалуу 10-15 пайызга арзан сатылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан