Биринчи Май районунда биометрикалык маалыматтарды тапшыруу үчүн 34 пункт ачылып, 9 пунктта жабдуулар орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, учурда райондук администрациянын, аймактык бөлүмдөрдүн жана структуралардын, райондук администрациянын аппараттык кызматкерлери биометрикалык маалыматтарды тапшырышты.
Биринчи Май райадминистрациянын жетекчилиги бардык шаар тургундарын биометрикалык маалыматтарды тапшырууга чакырды.
Биринчи Май районундагы биометрикалык маалыматтарды кабыл алуучу жайлардын даректери:
1. Калкты камсыздоо борбору (Л.Толстой көчөсү, №24)
2. И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети (Тынчтык проспекти, №66)
3. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университети (Медеров көчөсү, №66)
4. №70-орто мектеби (Бөкөнбаев көчөсү, №153)
5. №27-орто мектеби (Жумабеков көчөсү, №147)
6. Кыргыз экономикалык университети (Тоголок Молдо көчөсү, №58)
7. №49-орто мектеби (9-Январь көчөсү, №1)
8. №19-орто мектеби (Кулиев көчөсү, №187)
9. №16-жергиликтүү аймактык башкармалыгынын имараты