"Күн сайын Ала-Арча дарыясынын "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан Чоң Чүй каналына чейинки аралыгы көзөмөлгө алынып турат. Мындай маалыматты бүгүн, 29-январда Бишкек шаарынын вице-мэри Вячеслав Красиенко билдирди. "Дарыянын муз каптап калган жерлери бар, бирок ал суунун жээктен ашып кетүү коркунучун жаратпайт. Эгер аба ырайы кескин суук болуп, суулар тоңо турган болсо гана суунун жээктен чыгып кетүү коркунучу бар экенин айтты Красиенко.