Бүгүн, 23-октябрда эртең менен саат 04:10до Тынчтык кең көчөсүндө жайгашкан И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин имаратында өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен окуу жайдын жыгач устундуу, калай менен жабылган 500 чарчы метр чатыры күйүп, 500 чарчы метр шыбы кулап түштү. Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпысынан 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, аны өчүрүү аракеттери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтарга таянсак, кырсыктан жабыркагандар жок.