Москва районунун Ак-Суу айылында кондитер цехи күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 23-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы бүгүн түнү катталган. Анын кесепетинен кондитер цехинин 400 чарчы метр чатыры, 2 даана жабдуу, 3 тонна кумшекер, 1 тонна өсүмдүк майы, 1 тонна ун күйгөн. Тилсиз жоонун келип чыгышына электр жабдууларын куроодогу эрежелердин бузулушу себеп болгон.
Ошондой эле Балыкчы шаарынын Солнечная көчөсүндө жайгашкан “Межтранс” ЖЧКсында башчысы А.Эсенбаевге тийиштүү короодогу “ТП-400” көмөк чордону күйүп кеткен.
Ал эми Жети-Өгүз районунун Оргочор айылында К.Бейшалиевге тийиштүү короодо 900 түк чөп күйүп кетти. Маалыматка ылайык, өрттүн келип чыгышына үй ээсинин 6 жаштагы уулу Кумар Бейшалиевдин от менен ойногону себеп болгон.