Кыргызстанда уурдалган унааларды Казакстанга алып чыгып кетүү фактысы боюнча кылмышка шектүүлөр изделүүдө

Бишкекте 1983-жылы туулган Муариф Алиев жана 1991-жылы туулган Рафаель Гасанов изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, алар Кыргызстандын аймагында катталган бир катар унаа уурдоо фактыларына шектелүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүүлөр уурдалган кымбат баалуу унааларды Казакстанга алып чыгып кетишчү. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Жогоруда аты аталган жарандарды көргөн-билгендер (0312) 48-71-68, 48-64-23, 48-64-47, (0555) 94-71-37, (0771) 20-77-14, (0555) 30-46-83 номурларына кайрылышса болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан