Депутат Каныбек Осмоналиев “учурдун талабына ылайык, “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл” деп билдирди 29-январда, ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитет жыйынында. Анын айтымында, акыркы жылдары архив тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү маселеси көтөрүлбөй жатат. “Тарыхый документ керек болгондо архив кызматына кайрылабыз, бирок бул тармактын олуттуу көйгөйлөрүн ойлогон жаран жок” деди депутат. Жыйынтыгында бул сунушту Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.