Кочкор районунда мас айдоочу жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 23-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 22-октябрь күнү 16:48 чамасында Кочкор-Ак-Жар унаа жолунун 5-чакырымында болгон. Анда Ауди 100 унаасынын айдоочусу жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркаган айдоочуну ооруканага жеткиришкен. Ошол учурда айдоочу мас абалында болгон.