Бишкекте милиция кызматкерине кол көтөргөн жаран кармалды

Бишкекте милиция кызматкерине кол көтөргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, соода борборлорунун биринде мас абалындагы жаран энергетикалык суусундукту уурдап алган. Муну байкап калган сатуучулар милицияга кайрылышкан. Аны кармоо учурунда аталган жаран милиция кызматкерине кол көтөрүп, каршылык көрсөткөн. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан