Бүгүн, 29-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусунан келген аксакалдар тобун кабыл алды. Жолугушууда өкмөт башчы Баткен облусунун чек ара аймактарындагы абал боюнча күндө маалымат алып турарын айтты. “Баткен облусундагы чек ара запкысын тарткан айылдарга гуманитардык жардам толугу менен берилди. Эгер жетпей турган болсо, анда дагы кошумча берилет. Өзбек тарап менен сүйлөшүүгө келип, жабылган темир жол бекеттерин да ачтык”,- деди Сатыбалдиев. Ал эми Баткендин Чарбак, Согмент, Газ жана Кыштут айылдарынан келген аксакалдар чек ара боюнча иштин аягына чыгышын, көз карандысыз жолдун курулушун бүтүрүү зарылчылыгын айтышты. Ошондой эле аталган айылдардагы таза суу маселесин да чечүү көйгөйү бар экенин баса белгилешти.