Ошто Баткен окуясынын 15 жылдыгына карата эскерүү кечеси өттү

Ош шаарынын «Сулайман тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинде 22-октябрда Баткен окуясынын 15 жылдыгына карата «Ок аралап, от кечкен күндөр» аттуу эскерүү кечеси өттү. 
Бул тууралуу уюштуруучулар тобунан билдиришти. Ага Баткен окуясынын ардагерлери, шаар тургундары катышып, бул окуяда курман болгондордун эрдиктерин коомго жеткирүү жана жаш муундарды өз мекенине кызмат кылууга чакыруу максатында өттү. 
Эскерүү кечесинде Ооган согушунун ардагерлерине, Чернобыль кырсыгынын катышуучуларына көңүл бөлүнүп, Ата Мекенди коргогон Баткен согушунун катышуучуларына көңүл бурулбай, жардам берилбей келе жаткандыгы өкүнүчтүү экени айтылды. 
Эскерте кетсек, 1999-жылы Баткен окуясы болуп, андан 35ке жакын адам курман болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан