Москвада ноябрь айынын экинчи жарымында кыргыз тили боюнча олимпиада өтөт. Иш-чараны Москва мамлекеттик лингвистикалык университети Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин катышуусунда өткөрүүдө. Бул тууралуу 23-октябрда элчиликтен билдиришти.
Москвадагы диаспоралардын тили жана маданияты боюнча жалпы жана орто кесиптик билим берүү жайларында окугандар үчүн өткөрүлө турган олимпиада Шаардык билим берүү департаментинин колдоосунда өтөт.