Бишкектеги SOS-Герман Гмайнер атындагы орто мектебинин директору болуп Арстанбек Осмонов дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Аталган мектептин директорлугуна 12 талапкер ат салышып, сынактан Арстанбек Осмонов өттү. Айта кетсек, бул мектеп 2002-жылы жетим балдарга колдоо көрсөтүү максатында курулган, учурда 480 окуучу тарбияланууда.