Бүгүн, 23-октябрда Жалал-Абад шаарынын 137 жылдыгына карата "Биз жашаган дүйнө" аттуу фестиваль болуп өттү. Иш-чара шаардык мэрия менен Эл аралык толеранттуулук фонду тарабынан уюштурулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган салтанат ар улуттун өкүлдөрүнүн ыр-бий өнөрлөрү менен коштолуп, көрүүчүлөрдүн майрамдык маанайы жогорку деңгээлде болду. Фестивалдын максаты - толеранттуулук, улуттар аралык мамилелерди чыңдоо.