"Карындашым мыкаачылык менен өлтүрүлсө да, тиешелүү органдар кылмыш ишин козгобой жатышат" дейт маркумдун агасы

"Менин карындашым зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлсө да, тиешелүү органдар кылмыш ишин козгобой жатышат". Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда маркумдун бир тууган агасы Олег Северин маалымат жыйыны учурунда билдирди.

“Үстүбүздөгү жылдын 17-октябрынан 18-октябрына караган түнү 41 жаштагы О.Татьяна белгисиз бирөөлөр тарабынан зордукталып, анан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан бул ишке катыштыгы бар делинип эки жаран кармалган. Бирок алар эч жакка кетпөө тил каты менен эркиндикке чыгарылган. Факт боюнча да кылмыш иши козголгон эмес. Кылмышка шектүүлөр көрсөтмөлөрүндө “Ошол күнү суу жээгинде сейилдеп жүргөнбүз. Кокусунан Татьяна көпүрөдөн кулап кетти” дешкен. Чынында андай эмес. Экспертиза карындашымдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн аныктады. Анын өлүмү буйрутма болушу мүмкүн. Учурда иш башка ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилиптир. Менин оюмча, бул жакта кандайдыр бир жашыруун нерселер бар”,- деди Олег Северин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bema_bema
2014-10-23 14:59:59
Акча деген нерсе бар
0
tabyshmak
2014-10-24 10:04:36
Эгерде, кылмыш иши козголбосо, анда кармалгандарга карата кандайча богот чарасынын кол кат туру тандалды болду экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан