"Көчмөндөр оюндары өткөн ат майданды кайра курган ишкана пайда тапкан жок, мамлекет "17 миллион сомду уурдадыңар" деп бизди айыптоодо" дейт ишкананын башчысы

"Сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында Көчмөндөр оюндары өткөн ат майдандын кайра куруу иштери боюнча мамлекет жоопкерчиликти алган "Темир-Канат" ишканасын айыптап жатат. Ортодо 17 миллион сомду биз алганыбызды айтып, президенттин аппаратынан бизди чакырып, эки ирет сүйлөштүк",- деп билдирди бүгүн, 23-октябрда маалымат жыйынынын жүрүшүндө аталган ишкананын директору Эркинбек Меркенбаев
Анын айтымында, ат майданын кайра курууга мамлекет тарабынан жалпысынан 72 миллион 590 миң сом бөлүнгөн. Ал эми куруу иштерине сарпталган каражаттын суммасы 73 миллион 491 637 сомду түзгөн. Ортодо куруу иштерине катышкан башка ишкананын өкүлдөрү жана курулушта иштеген жарандардын маянасы үчүн 1 миллион сомго жакын каражаттын эсеби чыкпай калды. "Көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүү 2012-жылы чечилиптир. Ал эми курулуш иштери 2014-жылдын июль айында башталды. 52 күн ичинде 72 миллион 590 миң сомго бааланган жумушту аткаруу чоң жетишкендик. Бул аз убакыт ичинде эч бир компания мындай жоопкерчиликти алган эмес. Биз намысыбыздан улам, улуттук кызыкчылыкты эске алып, сыймык менен бул ишти жасап бердик. Каражаттын жоктугунан курулуштун токтоп калуу коркунучу бар болчу. Ошого карабай мен өз каражатымды сарптап, ишти жыйынтыктадык. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директоруна (ред. - Кадырбек Эргешов) ушундай коркунуч бар экенин айтканымда ал "акчаны берем, силер ишти бүтүрө бергиле" деди. Азыр акча да жок, ал киши биз менен сүйлөшпөй жатат",- деп кошумчалады ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан