Ош шаарындагы экс-мэр
Мелис Мырзакматов мэрлик кылган учурда Кулатов менен Айтиев көчөсүнүн кесилишине курулган айланма жолдогу Барсбек кагандын эстелиги 3 күндөн бери коомчулуктун талкуусунда калды. Тактап айтканда, 21-октябрь күнү Ош шаарында өткөн ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйынында ЖКнын депутаты
Жусупали Исаев: "Мен өзүмдөн мисал келтирейин, өткөндө аэропорттон келе жатып эстелик турган айланмадан бир саат дегенде араң өттүк. Мурда андай тыгын жок эле го. Негизи, ошол айланманы куруунун кажети бар беле?"- деген.
Ал эми жергиликтүү бийлик жолду кеңейтүү боюнча чара көрүлөрүн айткан. Бул боюнча коомчулукта түрдүү кептер тарап, "Мырзакматовдун жасаган ишинен кемчилик табууну көздөшүүдө" деген сөздөрдү айтышууда. Эскерте кетсек, Барсбек кагандын эстелиги 2011-жылы курулуп, жергиликтүү бюджеттен 11 миллион сом бөлүнгөн болчу.