Өзгөн районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 23-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 22-октябрь күнү саат 17:30 чамасында Көлдүк айылында болгон. Анда Дэу Ланос унаасы менен Мерседес-Бенц 320 унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу, экинчисинин жүргүнчүсү каза тапкан. Ошондой эле Мерседес унаасынын айдоочусу ооруканага жеткирилген. Учурда бул боюнча экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себеби аныкталууда.