Орусиянын Сочи шаарында өткөн "КиВиН-2013" фестивалына катышып, эл аралык КВН мелдешинин Премьер-Лигасына катышууга жолдомо алган "Тамашоу" курама командасы Бишкекте маалымат жыйын өткөрдү. Анда март айында Москва шаарында өтө турган эл аралык КВН мелдешинин Премьер-Лигасы тууралуу сөз болду. “Учурда ар бир аткара турган оюнубузду дыкаттык менен даярдап жатабыз. Сочидеги фестивалда Орусиянын КВН командалары менен орус тилинде таймашуу биз үчүн оор болгон жок. Анткени арабызда орус, түрк жана англис тилин мыкты билген балдар бар. Албетте, атаандаштарыбыз дагы күчтүү командалар болушту. Мелдеште 500 команданын ичинен суурулуп чыгыш оңой эмес да”,- деди «Тамашоу» курама командасынын жетекчиси Эрмек Нурбаев. Мындан сырткары “Тамашоу” командасы демөөрчүлөрдөн колдоо керектигин да айтышты.
1. "Тамашоу" курама командасынын жетекчиси Эрмек Нурбаев жана командадагы оюнчулардын бири Бакыт Осмонканов.