Жылнаама, 24-октябрь: Мындан 7 жыл мурун журналист Алишер Саипов өлтүрүлгөн

* Мындан 7 жыл мурун, 2007-жылы журналист Алишер Саипов өлтүрүлгөн. Күбөлөрдүн айтуусунда, бул күнү саат 19да Ош шаарында кара машинадан үч адам чыгып Алишер Саиповго ок чыгарышкан да, көз ачып жумганча жоголуп кетишкен. Өлөрүнө эки күн калганда Алишер досторуна: "Менин артымдан атайын кызматтын (спецслужба) адамдары ээрчип жүрүшөт. Ал тургай менин башым үчүн 10 миң доллар сайылганын телефон аркылуу айтышты. Бирок мен үчүн Кыргызстандан артык коопсуз жер жок",- деп айткан. Алишер өзбек тилиндеги “Саясат” гезитинин башкы редактору, “Америка үнү” радиостанциясынын кызматкери, “Фергана” маалымат агенттигинин кабарчысы болгон. Өзбекстан бийлигин сындаган “Саясат” гезитинде 2005-жылы Анжиянда болуп өткөн кан төгүлүү, бийликтин кемчиликтери, өлкөдө болуп жаткан окуяларды жаап-жашырбай көрсөткөн. Алишер ошондой эле өзбек түрмөлөрүндөгү адам чыдагыс жашоону, Кыргызстандагы өзбек качкындары, президенттикке ат салышуу тууралуу таасын макалаларын жарыялаган.
 
* Мындан 57 жыл мурун, 1957-жылы франциялык модельер Кристиан Диор 52 жаш курагында жүрөк оорусунан улам каза болгон. 1946-жылы Кристиан жеке мода үйүн иштетип баштаган жана 1947-жылы “Жаңы келбет” деген алгачкы коллекциясын тартуулаган. Согуш учурунда “оройлукка” учураган аял кийимдерин кайрадан назик, жеңил жана ачык түстүү кылып даярдаган. Биринчилерден болуп лицензиялык иш кагаздарды колдонуп, өзүнүн “Dior” белгисин бардык кийимдерине коюп чыккан. Бир эле жылдын ичинде анын коллекциясын бүткүл Европа менен Америка кийип жүргөн. Диордун ишин улантуучу көптөгөн шакирттери болгон. Анын үйү бүгүнкү күндө эң чоң музейлердин бири. Диорчулардын саны азыркы кезде 60 миң адамга жетет. Ал эми жылдык кирешеси 595 миллион еврону түзгөн мода үйүнүн өзүндө 3,5 миң киши эмгектенет.
* Мындан 48 жыл мурун, 1966-жылы орусиялык жеке ишкер, миллиардер, Чукотка облусунун экс-губернатору, атактуу "Челси" футбол клубунун ээси Роман Абрамович Саратовдо туулган. 1983-жылы Москвадагы №232-мектепти аяктаган. Окууну бүтөрү менен Ухтадагы индустриялык окуу жайга тапшырган. Бирок окуусун таштап, өз эрки менен аскерге кызмат кылуу үчүн барып, Владимир облусундагы Киржач артиллериялык полкунда катардагы жоокердин милдетин эки жыл аткарган. Аскерден келген соң жеке ишкерлик менен алектенип, Орусиянын мурунку президенти Борис Ельцин менен иштешип калган. 1999-жылы №223-Чукотка округунан Мамдумага депутат болуп, кийин 90% добуш менен облус губернатору болуп шайланган. Кийинки президент Путин дагы 2005-жылы Абрамовичти шайлоосу жок эле экинчи ирет губернаторлукка көрсөтүп, жергиликтүү кеңештин 100 пайыз добушу менен ордунда калган. Ал эми 2008-жылы 3-июлда өз ыктыяры менен губернаторлук орунду бошоткон. 2003-жылы Абрамович Лондондун "Челси" футбол клубун сатып алган.
* Мындан 15 жыл мурун, 1999-жылы Украинанын Рогатин шаарында түрк султаны Сулеймандын сүйүктүү жубайы Роксоланага арналып эстелик тургузулган. Себеби ал украиналык болгон. Роксолананын өз аты Александра же Анастасия Гавриловна Лисовская болгон. Гаремде жашап калганда ал Хүррем деген атка ээ болгон. "Хүррем" деген сөз "күлүп турган" дегенди түшүндүрөт. Ал эми Роксолана деген аты "роксолания" деген сөздөн улам келип чыккан. Роксолания – 16-кылымдагы Украинанын аталышы.
24-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан