Каракол шаарында күйөөсү аялын өлтүрүп, көлгө чөктүрүп жиберген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 23-октябрь күнү түнкү саат 2-3 чамасында 1984-жылы туулган Н.Ниязованы 1977-жылы туулган күйөөсү У.Мукамбетов өлтүрүп, жансыз денени көлгө чөктүрүп жиберген. Окуя болгон жерге суучулдар барышып, сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.