Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал Куба аттуу чала тааныш бала "Субару Легаси унаасын сатып алам" деп алдап, унаасын алып кеткен боюнча дайынсыз экенин айткан. Бул боюнча “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган. Анын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган А.К. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.