Ошто жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кекен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ Бишкек-Ош автоунаа жолунун 644-чакырымында саат 03:00 чамасында Шералы айылынын
тургуну, 1967-жылы туулган Акылбек Шопоевди белгисиз автоунаа сүзүп кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден
качып кеткен. Натыйжада А.Шопоев оор жаракаттарды алып, ошол жерден каза болгон. Бул боюнча Баткен облусунун тургуну, 1968-жылы туулган М.Э. өзүнүн Хундай-Шатул үлгүсүндөгү автоунаасы менен сүзүп кеткени болжолдонууда. Учурда шектүү Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына
киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.