Борбор калааны суу менен камсыз кылууну жакшыртуу долбоорунун 4 багыты аяктады. Ал эми калган эки багыты 2015-жылдын июнь айында аяктайт. "Бишкек суу-канал" башкармалыгы долбоорду ишке ашыруу үчүн алынган насыяларды жабуу аракетин көрүүдө. Насыя катары берилген инвестициянын жалпы суммасы 10,386 миллион еврону түзөт. Бул тууралуу 24-октябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2009-жылы Европа өнүктүрүү банкы менен кыргыз өкмөтү Бишкек шаарын суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча макулдашуу түзгөн. Долбоордун алкагында колдонулуп жаткан суу менен камсыз кылуу, инфраструктураны жакшыртуу, жабдууларды жаңылоо, эсптегичтерди орнотуу, суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө каралган.