Бишкек шаарында 27-октябрда “Кыргызстандын абактарындагы балдар жана аялдар: маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору” аталышындагы тегерек стол өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда “Жаштардын укук коргоо тобу” коомдук бирикмесинин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Болжол менен аялдар менен кыздардын саны 2 пайыздан баштап 9 пайызга чейин барат. Санынын аз болушу менен, мындай категориядагы жарандар эркектер жана чоңдор үчүн каралган системге туш келишет” деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Penal Reform International” Улуу Британиянын өкмөтүнүн колдоосу менен Арменияда, Грузияда, андан соң Казакстан менен Кыргызстанда ишке ашырылган аймактар аралык иликтөөнүн жыйынтыктары жөнүндө отчёт берилет.