Акыркы 9 айда өз эрки менен ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды тапшыруу боюнча 352 факты катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, ок атуучу куралдарды өз эрки менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Ошондой эле аларга акчалай сыйлыктар каралат.
“Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактоо өзүңүзгө жана коомчулукка коркунуч жарат” деп жазылат Ички иштер министрлигинин маалыматында.