Алматы шаарынын Ички иштер департаменти “кафелердин биринде казактар менен кыргыздар мушташты” деген маалыматты төгүндөдү

Алматы шаарынын Ички иштер департаменти “кафелердин биринде казактар менен кыргыздар мушташты” деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Департаменттин билдиргенине караганда, мушташ жергиликтүү тургундардын ортосунда болгон.

“Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалгандар сурак беришти. Мушташ кыргыздар менен казактардын ортосунда болгон эмес”,- деп билдирди Алматы шаарынын Ички иштер департаменти.

Айта кетсек, буга чейин Алматыдагы кафелердин биринде кыргыздар менен казактардын ортосунда уруш чыкканы айтылган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан