Москва районуна караштуу Беловодск айылында кечээ, 23-октябрда саат 08:30 чамасында айдоочу 6 жашар кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, кызды сүзгөн Сузуки Альто үлгүсүндөгү автоунааны 45 жаштагы Р.Андрей аттуу жаран башкарып бараткан.
Кыз ар түрдүү оор жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда унаа айып жайга токтотулуп, бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.