Бүгүн, 24-октябрда Бишкекте жылытуу мезгилине даярдоо маселелери боюнча селектордук отурумдун жүрүшүндө энергетика министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев: “Учурда жалпы республика боюнча электр энергияны пайдаланууда лимиттен ашып кетип, ашыкча сарптап жатабыз”,- деди.
Анын айтымында, мындай көйгөй бардык облустарда бар. “Бардык аймактар электр энергиясынын 302 миллион киловатт-саат көлөмүн ашып кетүүдө. Учурда электр энергиясын сатып алуу боюнча иштер кызуу жүрүп жатат. Өкмөттүн курамынан бир топ Казакстандын Астана шаарына жөнөсө, башка топ Түркмөнстанга кетишүүдө. Алардан жакшы кабарларды күтөбүз. Бирок кандай болсо да, жарандардын лимитти сактаарына ишенебиз”,- деди Турдубаев.