Борбор калаада 25-26-октябрь күндөрү дзюдо боюнча мелдештер орун алат. Бул тууралуу 24-октябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Өспүрүмдөр арасындагы биринчилик 15-17 жаш куракта жана 46, 50, 55, 60, 66, 73, 81, 90 килограммдан жогорку салмакта өтөт. Ага Казакстан жана Кыргызстандын бардык спортчулары катыша алат. Иш-чара Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулууда.