24-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 717 миллион метр кубду түзүүдө

24-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 717 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка агып кирген суунун агымы быйыл секундуна 218 метр куб болсо, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 195 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундуна 347 метр куб болсо, былтыр ал көрсөткүч 343 метр кубду түзгөн. 

Эске салсак, өткөн жылы 24-октябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 892 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
avaz-t02
2014-10-24 17:06:40
Суу сактагычтагы суунун колому жуз миллиард метр куб болсо дагы куностуу Кыргызстаныбызда свет очо берет! Бул жапайы корунуш бизде норма болуп калды!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан