Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жана козголгон кылмыш иштеринин алкагында 2011-2014-жылдар аралыгында республика боюнча жалпысынан социалдык, турмуш-тиричилик жана спорттук 61 объект мамлекеттин карамагына кайтарылып берилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, прокуратура тарабынан аталган убакыт аралыгында муниципалдык жана мамлекеттик менчикке 181 жер тилкеси кайтарылган. Ошондой эле мыйзамсыз менчиктештирилип, кайра мамлекеттин карамагына кайтарылган имараттардын 49у бала бакчалар, 6 медициналык имарат, 1 кесипчилик окуу жайынын имараты, 2 административдик имарат, 2 кызматтык квартира; 1 жылкылары менен кошо кайтарылган аткана.
Ал эми бул имараттар республика боюнча төмөндөгүдөй санда: Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан – 21; Ысык-Көл облусу – 6; Жалал-Абад облусу – 7; Нарын облусу – 5; Талас облусу – 5; Ош облусу – 6; Баткен облусу – 5 жана Ош шаары – 4; Бишкек шаары – 2 объект.