Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун алкагында мэр борбордо курулуп жаткан жана көлөмү боюнча Орто Азиядагы эң ири мечиттердин биринин курулушу менен жакындан таанышып, курулуш жаатында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
КМДБнын курулуш бөлүмүнүн башчысы Таалайбек ажы Назылбеков азыркы учурга чейин аталган мечиттин генералдык планы бекий электигин айтты. Ошондой эле унаа токтоочу жайлардын тардыгын, курулуштун айланасындагы жеке менчиктердин бир катар тоскоолдуктары бар экенине токтолду.
“Курулуп жаткан мечит Кыргызстандагы эң ири курулуш болуп саналат. Бул кыргыз элинин бирден-бир маданий баалуулугу”,- деп белгиледи мэр.
Ошондой эле Кубанычбек Кулматов бул маселе боюнча колдон келген жардамын аябай турганын билдирип, жакынкы күндөрү курулуп жаткан борбордук мечиттин курулуш иши менен жеринен таанышып чыгарын айтты.