Эл аралык валюта фондунун миссиясынын Кыргызстанда болгон расмий иш сапары аяктады

20-24-октябрь күндөрү Эл аралык валюта фондунун миссиясы Кыргызстанда расмий иш сапары менен болду. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул миссиянын курамында аталган фонддун Акча-кредиттик системи департаментинин башкы экономисти Хантер Монро, банк көзөмөлдөө боюнча адис Ричард Нан, божомолдоо маселелери боюнча адис Хайнек Хребичек болду. Алар иш сапардын жүрүшүндө КРнын Улуттук банкынын башчысы Т.Абдыгулов, анын орун басары, банктын кызматкерлери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен бир нече жолугушууларды өткөрүштү. Ал эми миссиянын негизги максаты акча-кредиттик саясатты ишке ашырууда банк көзөмөлдөөсү, божомолдоо маселелери боюнча техникалык жардам көрсөтүүдө мындан аркы кызматташтыкты талкуулоо болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан