Жылнаама, 25-октябрь: Мындан 8 жыл мурун араб шейхи Михаэль Шумахерге баасы 7 миллион долларды чапчыган аралды белекке тартуулаган

* Мындан 150 жыл мурун, 1864-жылы төкмө акын, обончу, комузчу, аткаруучу, куудул, дастанчы Токтогул Сатылганов Ош облусунун Кетмен-Төбөсүндө туулган. Алгачкы ырлары катары "Алымкан", "Чакырбай сүткор", "Беш каман", "Эшен калпа" сыяктуу чыгармаларды белгилөөгө болот. Кийинчерээк акын "Эмне кызык?", "Гүлдөп ал", "Санат", "Терме" сыяктуу нускалуу ырларды ырдаган. 1898-жылы Сибирге сүргүнгө айдалып, анда жүргөндө "Туткун ыры", "Ушундайбы сурагың?", "Качып келе жатканда" жана башка ырларды чыгарган. 1903-жылы сүргүндөн келгенден кийин "Эңсеген элим, аманбы?", "Апакем, аман барсыңбы?" жана башка ырлары элге жеткен. 1938-жылы алгачкы ырлар жыйнагы, кийин чыгармаларынын эки томдугу кыргызча, эки томдугу орусча, бир томдугу французча жарык көргөн. 1933-жылы 69 жаш курагында туулган жеринде дүйнөдөн кайткан.
 
* Мындан 104 жыл мурун, 1910-жылы партиялык жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков Лейлек районуна караштуу Коросоң айылында шахтёрдун үй-бүлөсүндө туулган. 1918-жылдан тарта Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. Ташкенттеги техникумду, Москвадан Пландоо институтун бүтүргөн. 1945-1950-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы болгон. 1961-жылдан тартып Москвада экономикалык советтин мүчөсү, пландоо комитетинин аппаратында кызмат өтөгөн. КПССтин съездине делегат, СССР Жогорку Советинин бир нече шайланышына депутат болгон. 2 Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш жана башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган. 1979-жылы 69 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.
* Мындан 59 жыл мурун, 1955-жылы Хиросимага түшкөн атом бомбасынан жабыркаган япон кызы Садако Сасаки каза болгон. Садако Хиросимада атомдук бомба жарылганда 2 жашта эле. Апасы экөө жашаган үй жарылуунун эпицентринен 2 чакырым алыстыкта болсо да аман калганы ушул күнгө чейин таң каларлык. Бирок Садаконун өмүрү узак болгон эмес. 10 жашында нурдануунун азабынан ооруканага кайрылууга аргасыз болгон. 
Япондордо илгертеден келе жаткан ишеним бар. Эгер адам кагаздан миң даана турна жасап, аны адамдарга тартууласа, каалаган тилеги орундалат. Мына ушул окуяны ооруканада дарыгерлер Садакого айтып беришкенде ал колуна тийген кагаздан турналарды жасай баштайт. Япон кызы 644 гана турна жасаганга үлгүрүп, 11 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан. Анын достору Садаконун бүтпөй калган ишин бүтүрүп, кагаздан жасалган миң турнаны кыздын денеси менен кошо жерге беришкен. Анын турналарды жасап жаткандагы кыялы эмне болгонун эч ким билбейт, бирок ошол күндөн баштап кагаздан жасалган миң турна тынчтыктын жана үмүттүн символуна айланган. Кийин Хиросима шаарында Садако Сасакинин урматына эки эстелик тургузулган. Ушул күнгө чейин ар кайсы өлкөдөн келген туристтер түстүү кагаздан турна жасап, эстеликтин алдына таштап кетишет. Ал эми ар жыл сайын 6-август күнү Садако Сасакини эскерүү үчүн көп өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да кагаздан миң турна жасалып, Хиросима шаарына жөнөтүлүп турат.
* Мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы араб шейхи Мухаммед ибн Рашид аль-Мактум Михаэль Шумахерге жасалма The world архипелагынан баасы 7 миллион долларды чапчыган аралды белекке тартуулаган.
25-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан