Жылнаама, 27-октябрь: Мындан 32 жыл мурун Ысык-Көлдүн Чок-Тал жана Ананьево айылдарына 150-170 сантиметрге жеткен кар жааган

* Мындан 32 жыл мурун, 1982-жылы Ысык-Көлдүн Чок-Тал жана Ананьево айылдарынын аралыгына эң калың кар жааган. Адегенде абдан күчтүү куюн болуп, андан кийин кар жаай баштаган. Кардын калыңдыгы 150-170 см болгон.
 
* Мындан 24 жыл мурун, 1990-жылы Аскар Акаев Кыргыз ССРинин Президенти болуп шайланган. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин бул күнкү сессиясында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу президенттик шайлоо өткөрүлгөн. Жогорку Кеңештин 27-октябрдагы жыйынына 12 адамдын талапкерлиги көрсөтүлүп, депутаттардын көпчүлүгү өлкө президенттигине Аскар Акаевдин талапкерлигин колдогон. 
* Мындан 36 жыл мурун, 1978-жылы англиялык скрипкачы, композитор Ванесса Мэй Сингапурда туулган. Толук аты-жөнү – Ванесса Мэй Ванакорн Николсон. Ванесса 9 жашында жеке концертин берип, миңдеген көрүүчүлөргө талантын тартуулаган болсо, 12 жашында дүйнө кыдырып, гастролго чыга баштаган. Ал 1996-жылы "BRIT Awards" сыйлыгынын "Мыкты аткаруучу" наамына татыган. Бул чоң сыйлыкка ал скрипкада ойногондордун алгачкысы катары ээ болгон.
* Мындан 15 жыл мурун, 1999-жылы Армениянын борбору Ереванда парламенттин имаратына кезектеги жыйын учурунда согушчандар тобу кирип келип, спикер отурган тарапты көздөй ок чыгарышкан. Октон спикер жана анын жанында отурган эки вице-спикер, бир министр жана өкмөт башчысы көз жумган.
27-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан