Маалым болгондой, каза тапкандар кыргызстандык мигранттардын балдары болгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө белгисиз адамдар алар жашаган үйдүн эшигинен түтүк киргизип, ага күйүүчү май куюп, өрт коюшканы аныкталды.
Өрттөнгөн үйдүн терезелери темир тор менен тосулгандыктан, балдар сыртка чыга албай калышкан. Натыйжада 9, 7 жана 3 жаштагы балдар көз жумушкан. Балдардын ата-энеси колундагы 1 жаштагы наристеси менен аман калган.
Кылмышка шектүү катары маңзат колдонгон жергиликтүү эки тургун кармалган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алар күнөөсүз деп табылып, бошотулушкан. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары уланууда.