Жалал-Абад облусунда 25-октябрда таңга маал жер титирөө катталды. Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө
саат 05:50дө болуп, очогунда күчү 3 баллга жетти. Жер титирөөнүн очогу: Таш-Көмүр шаарынан 7 чакырым
түштүк-чыгыш тарапта, Майлуу-Суу шаарынан 16 чакырым түндүк-батыш тарапта, Шамалды-Сай
шаарчасынан 17 чакырым түндүк-чыгыш тарап.
Таш-Көмүр шаарында жер силкинүүнүн күчү 3 баллга жеткен, маалыматка таянсак, жабыркагандар
жана кыйроолор болгон жок.