Каракол шаарында жол кырсыгы болуп, жабыркаган 4 адам ооруканага жеткирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсык 25-октябрда саат 03:45 чамасында болуп, Мазда жана Фольксваген унаалары сүзүшкөн. Эки унаада тең экиден адам болгон, баары оор жаракат менен Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилгени айтылды. Жабырлануучулардын аты-жөнү жана кырсыктын себептери такталууда. Маалыматка таянсак, Фольксваген унаасынын айдоочусу башынан жана бутунан оор жаракат алган.