Кыргызстанда 4-декабрды Манас күнү деп белгилөө сунушу айтылды

"2014-жылдын 4-декабрында "Манас" эпосунун ЮНЕСКОнун маданий мурастарды коргоо тизмесине кошулганына бир жыл болот. Ошого байланыштуу мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар уюштурулса туура болмок. Ал тургай бул күндү жыл сайын Манас күнү катары белгилеп койсок, андан бетер жарашып калмак",- дейт манасчы Рыспай Исаков. Муну бүгүн парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 
"Парламент" радиосунун түз эфиринде болгон Исаков Манас таануу багытындагы иштерди алдыга жылдыруу үчүн манасчыларды эл-жер аралатып, "Манас" айттырса жакшы болорун белгилейт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aitunuk
2014-10-25 18:00:28
"Манасты" кадимкидей акча табуунун куралына айландырып алышты. ТВны ачсаң да кайсыл убакта болбосун "Манас" айтып жаткан болот, бир четинен жакшы, экинчи жактан, бир нерсени ашыкча таңуулаганда адамда тескери реакция жаралат. "Манаска" да дал ушундай мамиле жаралбаса эле болду.
+1
Dooron
2014-10-25 18:24:56
Aitunuk, ашыкча эле "Манас" дей бергендин кереги жок деп ойлойм
+3
lusi2013
2014-10-25 18:49:11
Dooron, мен да оюна кошулам. Бир Гана аллага ишениш керек. Биз дин айылда тенирим манас деген ураан дарын уккам. Менимче тенир бул аллах. Деп ойлойм
0
nargiz_96
2014-10-25 20:02:17
lusi2013, тенир бул башка аллах жалгыз аны эч кими жок манаска келсен кыргызды майрам кунуда кобойуп кетти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан