26-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +19°C, түнкүсүн +10°C
Талас облусу. Күндүз +19°C, түнкүсүн +8°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +22°C, түнкүсүн +11°C
Баткен облусу. Күндүз +21°C, түнкүсүн +11°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +16°C, түнкүсүн +8°C
Нарын облусу. Күндүз +16°C, түнкүсүн +3°C
Бишкек шаары. Күндүз +19°C, түнкүсүн +10°C
Эскертүү!
27-29-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: өлкөдө жамгыр жаап, карга айланат (Ош, Жалал-Абад облустарынын пахта себүүчү аймактарынан башка), тоо этектеринде жана тоолордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөп, айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.