Борбордо жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында артыкчылык көрсөткөн кызматкерлер сыйланышты

Борбор калаада Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин күнү белгиленди. Бул тармакта иштегендерди кесиптик күнү менен Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замир Малабеков куттуктаганын мэриянын басма сөз кызматы 25-октябрда билдирди.
Жумушунда артыкчылык көрсөткөн кызматкерлерге бул күнү мэриянын атынан Ардак грамоталар тапшырылды. 
"Шаардыктардын маанилүү маселелери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде каралат. Бул жарык, жылуулук, газ, суу менен камсыз кылуу, транспорттук тейлөө, аймактардын тазалыгын сактоо жана башка жумуштарды уюштуруу",- деди биринчи вице-мэр. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан