Бишкекте өрт кырсыгы катталып, Абдрахманов-211 дарегинде жайгашкан турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы кечээ, 25-октябрь күнү түшкө жакын башталган. Унаа оңдоочу жайдан башталган өрт турак үйгө өтүп кеткен. Аны өчүрүүгө 5 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда.