Ош шаарындагы Жылуулук электр борбору (ТЭЦ) кышкы жылытуу мезгилине толук даяр экенин вице-мэр Кутманалы Абдырахман уулуна шилтеме берүү менен мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө ЖЭБ кышында керектелүүчү 20,6 миң тонна мазут менен толук камсыз болгон.