Жол кырсыгынан улам сууга чөгүп, дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү табылды

Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында 13-октябрь күнү Чоң Чүй каналына Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа кулаганынан улам дайынсыз жоголгон Георгий Кваташвили аттуу жарандын сөөгү табылды. Куткаруучулар 1988-жылы туулган Георгий Кваташвилинин сөөгүн 25-октябрда Аламүдүн районунун Лермонтов көчөсүнө жакын жердеги Чоң Чүй каналындагы суудан табышып, райондук милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Аны Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери жана куткаруучулар Аламүдүн районунун өлүкканасына алып барышып, ата-энеси аркылуу таанышкан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан