Кыргызстанда абакта отурган адамдардын 5 пайызын аялдар түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда “Кыргызстандагы эркиндиктен ажыратуу, чектөө жерлериндеги балдар менен аялдар: көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө чет өлкөлүк адис, укук коргоочу Оливия Роун билдирди.
Анын айтымында, жалпы дүйнө боюнча мындай көрсөткүч 2-9 пайызга барабар. “Бул көрсөткүч төмөн болгондуктан, аялдардын өзгөчөлүгү эске алынбай калууда. Абактарда аларга карата эркектерге болгон эрежелер иштеп жатат. Айрым мамлекеттерде бул маселени чечүү үчүн бангкоктук эрежелер кабыл алынган. Ага ылайык, абактарда отурган аялдарга жардам көрсөтүлөт”,- деди ал.